Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Түркмөнстанга расмий сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Огузхан атындагы Аксарай комплексинде Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

 “Бетме-бет” форматта  өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн түрдүү тармактарындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчылары   соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык  тармактарда кыргыз-түркмөндүк кызматташууну активдештирүү тууралуу айтышты.

Алмазбек Атамбаев менен Гурбангулы Бердымухамедов  ошондой эле Борбордук Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун негизги маселелери боюнча позициялар окшош экендигин баса белгилеп, эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелерге  дагы көңүл бөлүштү.

2014-жыл 11-ноябрь