Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу достор!

Сиздерди Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бир муунга маңдайына жазылып, бир мезгил ыроолонот. Бирөөлөрдүн тагдырына Октябрь революциясы туш келсе, айрымдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдары калыптанган. Совет доорунда өскөн жаштарыбыз да арбын.

Сиздердин тагдырга эгемендүү Кыргызстандын өткөөл мезгили туш келди. Азыркы заман - жаңылануунун, реформалардын жана калыптануунун учуру. Кылымдар оошуп, заман жаңырып, эгемендүү мамлекетибиздин жаңы тарыхы жазылып жатат.

Мурдагы муун бизге жакшы мурас калтырган - эгемендүү мамлекетибиз, эркиндикти туу туткан элибиз бар. Нечен кылымдарды карытып, далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз элинин улуу көчүндө сиздер дагы бара жатасыздар. Кыргыз тарыхында сиздердин дагы жаза турган жаркын барактарыңар, бийик милдетиңер бар.

Быйыл эгемендүү Кыргызстаныбыз 23 жылдыгын белгиледи. Жыйырма үч жаш - өз алдынча турмушка аттанган мезгил. Сиздер дагы мамлекетибиз сыяктуу жашсыздар. Алдыңарда бийик максаттар, асыл иштер күтүп турат. Анткени жаштык курак изденүүнүн, алга умтулуунун жана илгери үмүттөрдүн мезгили.

Албетте, жаңылануу, тазалануу учурунда ар кандай утурумдук кызыкчылыктар, азгырыктар болбой койбойт. Бирок эгемендүү Кыргызстандын билимдүү, аң-сезимдүү жаштары бузуку күчтөргө жетеленбейт деп ишенем.

Кыргызстандын үмүтү, келечеги - силерсиңер! Өлкөнү өзгөртө турган мезгил келди. Биздин максат - адилеттүү жана укуктук мамлекет куруу. Биргелешип сөзсүз өнүккөн, кийинки муун сыймыктангыдай мамлекет курууга милдеттүүбүз!

Силердин, демек, Кыргызстандын келечеги кең. Алдыга койгон максатыңардан тайбай, ар дайым алдыга - жаратмандыкка, ак эмгекке, жакшылыкка умтулгула.

Майрамыңар менен, эгемендүү Кыргызстандын жаштары!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 10-ноябрь