Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 7-ноябрында, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана отун-энергетика чөйрөлөрүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. 

Премьер-министр Карим Масимов Президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдерди жана макулдашууларды ишке ашыруу үчүн  Казакстан Республикасынын Өкмөтү аракеттерди жумшай тургандыгына ишендирди.

 

2014-жыл 7-ноябрь