Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин кезектеги 4-жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 7-ноябрында, Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин кезектеги 4-жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын алкагында саясый, соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык жана гуманитардык чөйрөлөрүндө кыргыз-казакстандык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдө мамлекеттер ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан аркы өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы каралып, келечекке жаңы милдеттер коюлду.

Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Президент Нурсултан Назарбаев кыргыз-казакстандык кызматташтык өзгөчө ишеним жана эки өлкөнүн ортосундагы бардык маселелерди чечүүдө конструктивдүүмаилеси менен айырмаланганын белгиледи. “Бүгүнкү сапар - өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем байланыштардын далили”, - деди Нурсултан Назарбаев.

Андан сырткары, Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга тез кошулуу боюнча аракеттерин Казакстан колдой турганын баса белгиледи. Ошого байланыштуу тараптар кыргыз-казакстандык инвестициялык фондду каржылоого каралган 100 миллион долларды Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу боюнча жол карталарын ишке ашырууга кайра багыттоону сүйлөшүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев жалпы тарыхыбыз, бирге басып өткөн жолубуз өз ара урматтоого, кыйын учурда бири бирин колдоого даяр экендигинде негизделген эки элдин түптүү мамилелерин ырастаарын белгиледи.

Биргелешкен жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан Казакстандан 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде 1 млрд. кВтч электрэнергияны сатып алуу тууралуу макулдашууга жетишишти. Ошондой эле Казакстанга сугат суусун жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн суу ресурстарын чогултууну камсыз кылган товар алмашуу шарттарында Кыргызстанга 400 млн. кВтч электрэнергиясын  жеткирүү камсыз кылынат.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Казакстандын Өкмөтүнө азыркы учурда Казакстандын темир жол бекеттеринин аймагында турган мунай продуктылары менен вагондорду Кыргызстанга өткөрүү боюнча тапшырма берди.

Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынынын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Стратегиялык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жөнүндө Биргелешкен декларация;

- Кыргыз Республикасынын менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралардын пландары жөнүндө;

- Евразиялык интеграциянын шарттарында Кыргыз Республикасынын менен Казакстан Республикасынын ортосунда экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө:

- Энергетика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө.

2014-жыл 7-ноябрь