Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 2014-жылдын 7-ноябрында, Астана шарында Казакстан Республикасына мамлекет сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тар чөйрөдөгү жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын расмий жолугушуусунун салтанаттуу аземинен кийин башталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев жана Президент Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилешти. 

Жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Алмазбек Атамбаев ушул сапар актуалдуу маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыктын перспективасын талкуулаганга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.  

Президент Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга мамлекеттик сапары эки өлкөнүн тарыхый байланыштарын жана экономикалык мамилелерин бекемдээрине ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз жана казак элдерин туугандык, жакшы коңшулаштык байланыштар, кылымдар боюкалыптанган руханий-маданий байланыштар жана салттар бириктиргенин белгилешти.

Ошондой эле биргелешкен кыргыз-казакстандык долбоорлордун ишке ашырылышы, интеграциялык долбоорлордун алкагында, анын ичинде Бажы союзу жана Евразиялык экономикалык союзу алкагында кызматташтыкты тереңдетүүмаселелери талкууланды.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу саясый, экономикалык жана маданий мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгөкошкон зор салымы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге I даражадагы «Достык» орденин тапшырды.

Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаевге эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн жана боордош  эки элдин  ортосундагы достуктун бекемдигин ырастаган жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө канааттангандыктарын  белгилеп, кыргыз-казакстандык кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү  улантууга даяр экендигин билдиришти.

2014-жыл 7-ноябрь