Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары!

Кымбаттуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды Ысык-Көл облусунун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ысык-Көл - кыргыз элинин энчисине ыроолонгон жаратылыштын керемети. Көл кылаасынын ажайып сулуулугу байыртан башка элдерди да суктандырып, облустун келечегине жакшы таасирин тийгизген. Ар улуттагы элдердин башын бириктирип, ынтымакта жашоого, билимге, илимге жол ачып, маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн. Мамлекет башына коркунуч келген Улуу Ата Мекендик согуш жылдары кыргыздар, орустар, украиндер, казактар, өзбектер ийин тирештирип, Николай Ананьев, Жумаш Асаналиев, Казак Жаркымбаев, Григорий Конкин, Василий Кайкин, Иван Москаленко сыяктуу Ысык-Көлдүн ондогон кулундары Мекенибиз үчүн, азыркы тынч заман үчүн өмүрүн курмандыкка чалып, ысымдарын түбөлүккө өчпөс кылып калтырышкан.

Облустун экономикасын көтөрүүгө, эл чарбасын калыптандырууга дагы боордош элдердин өкүлдөрү татыктуу салым кошкон. Ал эми Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов агабыздын эмгекчилдиги, жаратмандыгы менен Көл кылаасы гана эмес, жалпы Кыргызстан эли сыймыктанат.

Эзелтен Ысык-Көл облусу өнөр жайын, айыл чарбасын, туризмди өнүктүрүп, өзүн гана толук камсыз кылбастан, республикалык бюджетке да олуттуу салым кошуп келет. Ысык-Көлдүн келечеги кең, өр таяп өсө турган кереметтүү жер. Дүйнө элдери эс алуучу, ден-соолугун чыңдоочу, эл аралык иш-чараларды, спорттук мелдештерди, оюндарды өткөрчү борборго айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол максатта облустун өнөр жайын, айыл чарбасын өнүктүрүү, жолдорун реконструкциялоо, туризм инфраструктурасын жакшыртуу, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүп, криминалдын тамырын кыркуу боюнча аткара турган иштер арбын.

Жаңычылдыкка умтулуп, ар дайым заман менен үзөңгүлөш болуп келген Ысык-Көлдүн эли көп жылдар бою калыптанган жакшы салттарын улап, көп улуттуу элдердин башын бириктирип,  өлкөбүздү алдыга, өнүгүүнү карай сүрөй берет деп ишенем. Атагы алыска тараган даанышман акелердин урпактары жакшы турмуш, жаркын келечек ынтымакта, биримдикте экендигин терең түшүнөөрү шексиз.

Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Кыргызстандын сыймыгы болгон касиеттүү Ысык-Көл кылаасы бийик маданияттын, алдыңкы экономиканын үлгүсү болушуна тилектешмин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                 Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 7-ноябрь