Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Казакстан Республикасына келди

Бүгүн, 2014-жылдын 7-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Казакстан Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын Мамлекет башчысы Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жана Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушат.

Мамлекет башчыларынын төрагалыгында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйыны өткөрүлөт.

Мамлекеттик сапардын максаты кыргыз-казакстандык союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки өлкөнүн өз ара пайдалуу көп багыттуу кызматташуусун тереңдетүү болуп саналат.

Сапардын жыйынтыгыда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда.

2014-жыл 7-ноябрь