Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Такехико Накаону кабыл алды

2014-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө Борбордук Азия регионалдык экономикалык  конференциянын  (ЦАРЭС) 13-министрлик конференциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн келген Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Такехико Накаону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташуу маселелери, ошондой эле банктын колдоосу менен өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга 20 жыл бою  көрсөткөн колдоосу үчүн Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Такехико Накао Кыргызстандын аталган эл аралык финансылык институт менен кызматташуусунун өнүгүү динамикасын, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө анын маанисин канааттануу менен белгилешти. Тактап айтканда, Мамлекет башчысы Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлор өлкөнүн өнүгүүсүнө стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Такехико Накао менен Кыргызстандын АӨБ менен энергетика жана транспорт инфраструктурасы сыяктуу тармактарда мындан ары өз ара кызматташуу  пландарын талкуулашты.

Жолугушууда Азия өнүктүрүү банкынын Вице-президенти Вэньцай Чжан, Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия департаментинин Башкы директору Клаус Герхаузер жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Рие Хираока дагы катышышты.

2014-жыл 6-ноябрь