Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевди 95 жылдык мааракеси менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Ардактуу Турдакун Усубалиевич!

Сизди 95 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дээрлик чейрек кылым бою Сиз республикабызды жетектеп, мамлекетибиздин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым коштуңуз.

Сиз өлкөбүздү жетектеген жылдары СССРдин курамындагы Кыргыз ССРинин өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн. Нарында ГЭСтер каскады курулуп, улуттук энергетиканын негизи түптөлгөн. Мамлекетибиз бутуна бекем туруп, билим берүү, илим жана маданият тармактарында алгылыктуу ийгиликтер жаралган.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында дагы Сиз чыныгы жаратмандыгыңызды, ири саясий ишмер экендигиңизди далилдедиңиз. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары бир топ мамлекеттик маанилүү чечимдердин кабыл алынышына  татыктуу салым коштуңуз.

Сиз басып өткөн өмүр жолуңуз, зор эмгегиңиз - элге, Мекенге кызмат кылуунун, эмгекчилдиктин, мээнеткечтиктин бийик үлгүсү. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюунун мыкты мисалы. Сиздин жакшы өрнөгүңүз  жаштарыбызды жаратмандыкка жана мекенчилдикке үндөп турат.

Эки доордо татыктуу өмүр сүрүп, Сиз азыр Кыргызстандын Баатыры, кадырлуу инсаны катары ак эмгегиңиздин акыбетин, элиңиздин сыйын көрүп турасыз. Жараткан  Сизге кылымдын  бийик ашуусун багындырууга күч-кубат, дем берсин. Эгемендүү Кыргызстандын ардактуу, нарктуу аксакалы катары элибиздин сыймыгы болуп жүрө беришиңизге тилектешмин.

Сизге чың ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт-таалай каалайм! Кутман курагыңыз кут болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 6-ноябрь