Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVнү кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVнү кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы менен Принц Карим Ага Хан IV Ага Хан Уюмунун (Aga Khan Development Network) өнүктүрүү боюнча азыркы ишмердиги, ошондой эле Уюмдун агенттиктери тарабынан билим берүү, саламаттык сактоо, микрофинансылоо, чакан бизнести өнүктүрүү, маданият, туризм жана банк иштери секторлорунда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Ошондой эле Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин ишмердигине байланыштуу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Принц Карим Ага Хан IVга Кыргызстанда өнүктүрүү боюнча Ага Хан Уюмунун активдүү ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнү мындан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн  алар ишке ашырып жаткан долбоорлордун  маанисин белгиледи.

2014-жыл 4-ноябрь