Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2014-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт

2014-жылдын 3-ноябрында мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

Жыйындын күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлган:

1. 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү тууралуу;

2. Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу.

2014-жыл 31-октябрь