Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

2014-жылдын 30-октябрында россиялык тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун азыркы абалы жана перспективасы, интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнү колдоо боюнча капиталы 1 млрд. АКШ доллар болгон кыргыз-россиялык фонд түзүү тууралуу Макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын энергетика тармагындагы кызматташуусу талкууланды.

Мамлекет башчысы эки тараптуу макулдашууларды аткаруунун жүрүшү менен жалпысынан канааттангандыгын, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн жана мамлекеттер ортосундагы достук маанайында өлкөгө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн россиялык тарапка ыраазычылыгын билдирди.

2014-жыл 31-октябрь