Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстанга мамлекеттик сапар жасоо алдында казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди

Бүгүн, 2014-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди.

Мамлекет башчысы кыргыз-казакстандык мамилелерин өнүктүрүүгө жана экономика, энергетика жана маданият тармактарында кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча 2014-жылдын 6-7-ноябрында мамлекеттик сапар менен Казакстан  Республикасына барат. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйынын өткөрүү пландаштырулууда.

Мамлекеттик сапардын максаты кыргыз-казакстандык союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнкөтөштүктү ар тараптуу өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки өлкөнүн өз ара пайдалуу көп багыттуу кызматташуусун тереңдетүү болуп саналат.

2014-жыл 30-октябрь