Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик элчилерден Ишеним грамоталарын кабыл алды

 

Бүгүн, 2014-жылдын 29-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын, Куба Республикасынын, Армения Республикасынын, Канаданын, Эстония Республикасынын, Италия Республикасынын Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы дипломатиялык миссиялардын башчыларын Кыргыз Республикасында Элчи катары расмий ишмердигинин башталышы менен куттуктады. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын тышкы саясатындагы дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен конструктивдүү жана ырааттуу кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча  приоритеттүү  багыттарын  белгиледи.

“Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда экономикалык мамилелерди активдештирүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө өзгөчө ишеним артабыз”, -деп баса белгиледи Президент.

Түркмөнстан менен кызматташуу тууралуу айтып келип, Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Кыргызстанда толук кандуу дипломатиялык миссиясынын  болушу мамлекеттер аралык  келечектүү багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташууну жандандырууга жакшы өбөлгө болоорун белгиледи. “Түркмөнстандагы биздин элчилик 10 жылдан ашуун иштеп жатат, эми Кыргызстанда сиздердин Элчилик ачылып жатат. Мен Түркмөнстандын бул кадамын жогору баалайм. Ноябрь айынын башында  мен расмий сапар менен Түркмөнстанга барам. Бул кадам кыргы-түркмөндүк кызматташуунун жаңы баскычына жол ачат деп ишенем”, - деп билдирди Президент.

Кубанын Элчисине кайрылып, Алмазбек Атамбаев өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жылуу мамилелер совет доорунда калыптанганын белгиледи. “Биздин муун Кубаны, ага байланыштуу бардык нерсени жылуу кабыл алат”,-деди Мамлекет башчысы. Кыргызстан Куба менен байланышты түрдүү тармактарда конкреттүү долбоорлор аркылуу мындан ары чыңдоону колдоого алаары белгиленди.

Армениянын Элчисине кайрылып, Президент Кыргызстан Армения менен өз ара ишенимдин жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоонун негизинде  мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экендигин белгиледи. Учурдан пайдаланып, Мамлекет башчысы Армениянын боордош элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаарын билдирип коюуну өтүндү.

Президент Канаданын Элчисине кайрылып, эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу мамилелерди чыңдоо тууралуу каалоосун билдирди. Ошол эле учурда  Мамлекет башчысы канадалык компаниялар Кыргызстанда көптөн бери иштеп жаткандыгын белгилеп, тактап айтканда өлкөбүздөн кетээрде чоң киреше алган Камеко компаниясын атады. Президент КМШ Экономикалык сотундагы чечимди эске салып, Кыргыз Республикасынын  Центеррадагы акцияларына карата канадалык соттордун чечими боюнча пикирин жашырган жок. Мамлекет башчысы канадалык тараптын мындай аракеттери  кыргызстандыктар арасында  ишенбөөчүлүктү пайда кылып жаткандыгын баса белгиледи. “Жаңы Элчи катары Сиз бул маселелерди Канада жетекчилигине жеткиресиз деп ишенем.  Биз демократиялуу эки өлкө катары таптакыр башкача мамиле түзүшүбүз керек”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.(Эскертме: Кыргыз тараптын суроо-талабы боюнча КМШ Экономикалык соту 1997-жылдагы Конвенциянын инвестордун укуктарын коргоо боюнча 11-статьясын  чечмелөө боюнча чечим чыгарган. Бул чечим Москва Соода-өндүрүштүк палатага  караштуу  Арбитраждык соттун жогоруда аталган Конвенцияны туура эмес чечмелөө аркылуу Кыргызстанга карата мыйзамсыз чечим чыгарганына  шек келтирет).

Алмазбек Атамбаев Эстониянын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин активдүү көмөгү аркасында кыргыз-эстондук мамилелерге эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда жаңы дем берилээрине ишенимин билдирди. “Балтика боюндагы өлкөлөр менен ишти жандандыруу зарыл. Мен Таллинде болгом. Керемет шаар. Биз тыгыз кызматташып, бири бирибизге көмөктөшүшүбүз керек”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги ырааттуулукту белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда өз ара кызматташууга  түрткү берүү зарылчылыгы тууралуу каалоосун билдирди.

Салтанаттуу аземдин соңунда Президент Түркмөнстандын, Кубанын, Армениянын, Канаданын, Эстониянын жана Италиянын Элчилерине натыйжалуу жана жемиштүү ишмердик каалап, Кыргызстан  алар өкүлү болгон өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоодо жана өнүктүрүүдө дипломатиялык миссия башчыларынын ишмердигинин маанисин баса белгиледи.

“Ардактуу жана жооптуу милдетти аткарууда сиздерге Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттары жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Биз дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын активдүү ишин колдойбуз. Биздин кереметтүү өлкөбүз менен жакындан таанышасыздар деп ишенем. Бул жерде иштегенден кийин сиздер эркиндикти кастарлаган, адилетсиздикке эч качан  моюн сунбаган  элибиз бар экендигин түшүнөсүздөр. Сиздердин өлкөлөр дагы Швейцария жана Түркмөнстандын мисалында биздин өлкөдө дипломатиялык миссияларын ачат деп ойлойм. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда мамилелерди бекемдөө боюнча Кыргызстандагы ишиңиздерге ийгилик каалайм”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Маалымдама:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынан Ишеним грамоталары тапшырылды:

  1. Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Бишкек шаарында) Ниязлиев Батыр Курбанмурадович ;
  2. Куба  Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Энрике Вальдес де ла Консепсион;
  3. Армения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Ара Акопович Саакян;
  4. Канаданын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Шон Стайл;
  5. Эстония Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Яан Рейнхольд;
  6. Италия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Стефано Раваньян.

 

2014-жыл 29-октябрь