Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 27-октябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Улуттук кеңештин жыйынында шайлоо процессин реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баяндамасы угулду.

Тактап айтканда, Данияр Нарымбаев «Таза шайлоолор - өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи» маселеси боюнча Улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечимин аткаруу боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун иши тууралуу маалымат берди.

Данияр Нарымбаев белгилегендей, жумушчу топ шайлоо системасын реформалоо боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан, алар жумушчу  топтун мүчөсү болгон депутатар тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоолор жөнүндө” конституциялык мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Башка мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору парламентке  киргизилди. Алардын бири Жогорку Кеңеш тарабынан  биринчи окууда кабыл алынып, учурда шайлоолор мыйзамдарын өзгөртүүгө багытталган башка мыйзам демилгелери менен бирге коомдук талкуудан өтүп жатат”, - деди Данияр Нарымбаев.

Иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун айрым жагдайларына токтолуп, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочуларды идентификациялоо, добуш берүү тартибин, добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу процесстерин автоматташтыруу жана оптималдаштыруу укугу ыйгарылаарын белгиледи. “Эми прокуратура эмес, ички иштер органдары коомдук тартипке гана тиешелүү арыздарды гана эмес, аткаруу бийлик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынан тышкары, шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине карата арыздарды дагы кароо боюнча иш жүргүзүүгө милдеттүү”,- деди Данияр Нарымбаев.

Мындан тышкары, шайлоо талаштарын тууралуу сотко же  шайлоо комиссиясына кайрылуу боюнча тандоого жол бербөө сунушу айтылууда, башкача айтканда шайлоо укугун бузган  шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын  чечимдери жана аракеттери андан жогору турган шайлоо комиссиясында бузулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын гана чечимдерин сот аркылуу бузуу сунушталууда. Ошол эле учурда жаңы мыйзам долбоорлорунда партияларды финансылоону беш эсе көбөйтүү сунушталып жаткандыгы белгиленди.

Президенттин Аппаратынын Жетекчиси өз сөзүндө  бирдиктүү шайлоо округун көп мандаттуу 9 округка (ар бир облуска бирден жана Бишкек менен Ош шаарларына) бөлүү, ага жараша талапкерлердин бирдиктүү тизмесинин ордуна 9 регионалдык тизме каралган мыйзам долбооруна дагы токтолду.

Данияр Нарымбаевдин сөзү боюнча бул мыйзам долбоору 2014-жылдын 15-октябрында эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулуп өткөрүлгөн  коомдук диалогдо талкууланган учурда көптөгөн талаш-тартыштарды жаратты. “Талкуунун жыйынтыктары менен коомдук диалогдун көпчүлүк катышуучулары регионалдык тизмелердин кемчиликтерин жана опурталдуулугун белгилешти, анткени алардын пикири боюнча бул кадам терс кесепеттерге алып келет. Тактап айтканда, мыйзам тарабынан белгиленген квоталарды камсыз кылууну  кыйла татаалдаштырат. Ал эми улуттук азчылыктын квотасы бирдей колдонулбай калат, себеби бир улуттун өкүлдөрү гана жашаган округдар пайда болот”, - деди ал.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү, Данияр Нарымбаев белгилегендей, көп жумушту, бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракетин бириктирүүнү талап кылат.

Биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев дагы чыгып сүйлөп, 2014-жылдын 15-апрелиндеги Улуттук кеңештин тапшырмаларын аткаруу боюнча добуш берүүнүн технологиялык чечимдерин киргизүү жолу менен, саясый партиялардын шайлоолорго катышуу жол-жоболору, шайлоочулардын актуалдаштырылган тизмесин түзүү жол-жоболору аркылуу  натыйжалуу шайлоо процессин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тиешелүү чараларды көргөндүгү туурасында маалымат берди.

Тайырбек Сарпашев өз сөзүндө ошону менен бирге Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин (КБМР) түзүү боюнча иш белгиленген мөөнөттө аткарылып жаткандыгын белгиледи.

Биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жана Мамлекетик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова дагы баяндама жасашты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары тарабынан иштелип чыккан  шайлоо округдарын калыптандыруу системасына тиешелүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоолор жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору  жыйындын катышуучуларынын арасында кызуу талкууланды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, парламенттик фракциялардын лидерлери - Феликс Кулов, Жылдызкан Жолдошова, Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмесинин жетекчиси Динара Ошурахунова сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.

Андан тышкары бул мыйзам долбоорун  талкуулоонун жүрүшүндө республикалык жана регионалдык чектерди жогорулатуу тууралуу сунуштар айтылды.

Талкууну жыйынтыктап жатып Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдагы шайлоолорду сапаттуу даярдоо жана ачык, таза өткөрүүнүн маанисин баса белгиледи. “Ачык айтайын, келерки жылы Президентти  жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордо партиялардын жана талапкерлердин санына чек коюуга тиешелүү бир аз гана түзөтүүлөрдү киргизүү менен эски мыйзамды негиз катары алыш керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле, 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорго керектүү каражаттар табылат деп белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасын  туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын, жарандык абалдын актыларын каттоо жана даректүү регистрдин автоматташтырылган системасын  кошо камтыган Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистрин түзүү боюнча этап-этап боюнча иши тууралуу маалыматы эске алынды.

Улуттук кеңештин жыйынындагы экинчи маселени кароого өтүп жатып, Мамлекет башчысы экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана шарттар көбүнесе дүйнөдөгү тенденцияларга байланыштуу экендигин белгиледи. “Дүйнөдө азыр абал оор, ошого карабастан биздин көрсөткүчтөр жаман эмес. Бирок ток пейил тартууга болбойт, анткени өсүү темпи ылдыйлай баштады.  Өкмөт жана бардыгыбыз карапайым калктын турмушун жакшыртуу боюнча иштөөгө тийишпиз. Ошондуктан бардыгын алдын ала ойлонуштуруш керек. Балким келерки жылы суу тартыш, жамгыр аз болоор. Бардыгын алдын ала ойлонуштуруу зарыл”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы чет мамлекеттерден келген гранттарды жана кредиттерди өз учурунда жол-жоболой албаган айрым министрликтердин жана ведомстволордун ишин сынга алды. “Мындай министрлерге чечкиндүү чара көрүш керек, сунуш киргизип, алардан арылыш керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы  бардыгын чечип жибербейт, анын дагы айрым кемчиликтери болушу ыктымал экендигин белгиледи. “Жалпысынан биз максатыбызды  жакшы билебиз, саясый системасы туруктуу келген өнүккөн демократиялуу мамлекет курууга умтулуп жатабыз. Ошондуктан стратегияда шайлоо системаларын өркүндөтүү дагы, соттук реформа жана экономиканы реформалоо дагы каралган. Жаңы милдеттерди так билүү үчүн ар бир 4-5 жылда аны жаңыртып туруу керек, ал эми Өкмөт жыйынтыгын чыгарып, маалымат берип турууга тийиш”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыйынчылыктарга карбастан, өнүгүүнүн жаңы жолдорун табуу зарыл экендигин баса белгиледи.

Экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев баяндама жасап, 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын Өкмөт тарабынан ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле өлкөбүз үчүн абдан маанилүү маселелер боюнча дагы өз ойлорун ортого салды. Тактап айтканда, энергетика маселеси боюнча Мамлекет башчысы тармакта жаңыча мамиле жасоо зарыл экендигин белгиледи, ал шартта керектөөчүлөрдү энергиядан ажыратпай, чектебей, керектүү көлөмдө электрэнергиясы менен камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле Президент электр энергиясынын тартыштыгы экономикага терс таасирин тийгизбеши керектин баса белгиледи. ”Айылдарыбыз, шаарларыбыз светсиз калышына жол бере албайбыз. Электр энергиясы кымбат болсо дагы, үйлөрдө дайыма свет болууга тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондой эле Мамлекет башчысы жарандарды арзан көмүр менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү программа иштеп чыгууну сунуштады.

Президент Алмазбек Атамбаев ошону менен бирге Кыргызстан  интеграциялык процесстерге өз учурунда жана тең укуктуу шарттарда катышууга тийиш экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кийинки жыйынын  инвестициялык климат маселелерине арноо тууралуу сунуш киргизди. Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү бул сунушту колдоого алышты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин чечиминин долбоору кабыл алынды.

2014-жыл 27-октябрь