Бүгүн, 2014-жылдын 27-октябрында, Кыргыз Республикасынынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич,
Улуттук майрам - Түркмөнстандын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташууну чыңдоо жана кыйла кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын канааттануу менен белгилейм.
Кыргыз-түркмөндүк өз ара аракеттенишүү мындан ары дагы ачыктыктын, өз ара урматтоонун жана конструктивдүү диалогдун маанайында ырааттуу жана ыкчам өнүгөөрүнө терең ишенем.
Урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич, Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, Түрмөнстандын боордош элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.
Урматтоо менен,
Алмазбек Атамбаев”