Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмер Казы Дыйкамбаевдин 100 жылдык мааракесине карата кайрылуусу

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Белгилүү мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмер Казы Дыйканбаевдин 100 жылдык мааракеси жалпы кыргыз коомчулугу үчүн зор окуя.

Казы Дыйкамбаев кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон инсандарыбыздын бири.

Карапайым дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан улан турмуштун бардык оорчулугун көтөрүп, өз мээнети,  ак эмгеги менен бийик даражага көтөрүлгөн. Басмачылыкка каршы күрөшкө катышып, эмгекчилдиги, тырышчаактыгы менен улам жаңы бийиктиктерди багындырган.

Быйыл 70 жылдыгы белгиленген Кыргыз дипломатиялык кызматынын түптөлүшүнө жана калыптанышына Казы Дыйкамбаев өзгөчө салым кошкон. Республикабыздын улуттук кызыкчылыктарын коргоого жөндөмдүү дипломатиялык кызматты түзүүнүн башатында туруп, тышкы саясатыбызды калыптандырууга көп күч аракет жумшаган. Ошол эмгеги үчүн СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси рангына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына Казы Дыйкамбаевдин ысымы ыйгарылган.

Казы Дыйкамбаев Кыргыз ССРинин тышкы иштер Элдик комиссары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Төрагасы, Компартиянын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы катары жооптуу кызматтарды аркалаган. Кандай жооптуу кызматта иштебесин ар дайым элдин ишенимин бийик тутуп, Кыргызстан үчүн татыктуу  кызмат өтөдү. Бардык күч аракетин, билимин жана тажрыйбасын жумшады.

Казы Дыйкамбаевдин басып өткөн өмүр жолу, таржымалы - Мекенге чындап берилип кызмат кылуунун мыкты үлгүсү. Дээрлик жарым кылымдан ашуун мезгил бою талыкпай  ак эмгек өтөп, жооптуу милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарган Мекенчил, жаратман инсан эле.

Элибиздин татыктуу уулдарынын бири, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө, келечектүү коомдун калыптанышына зор салым кошкон инсан катары Казы Дыйкамбаевдин ысымы Кыргызстандын тарыхында, ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 29-октябрь