Бүгүн, 2014-жылдын 25-октябрында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызcтанга иш сапары менен келген Грузиянын Президенти Гиорги Маргвелашвили менен жолугушту.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-грузин мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Эки өлкөнүн Президенттери соода-экономикалык тармакта, ошондой эле Кыргызстан менен Грузиянын маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.