Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди жергиликтүү жамааттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемендүүлүк жылдары жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өлкөбүздүн аймактарынын, айылдарынын жана шаарларынын өнүгүшүндө маанилүү милдет өтөдү. Акыркы жыйырма жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын калыптанышы кыйла кыйынчылыктар менен коштолду. Кыргызстандагы күчтүү жарандык коомдун түптөлүшү жана демократиянын бекемделиши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдогу мааниси жылдан жылга жогорулатты.

Акыркы жылдары өз алдынча башкаруу системасы өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиги түзүлдү. 2017-жылга чейин өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасы жана элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы иштелип чыкты. Бул кадамдар аймактардын экономикасын өнүктүрүүдө, социалдык маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийликтердин өз алдынчалыгын ырааттуулук менен бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Чек ара аймактарындагы элдин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык жакшы мамилелерди сактап калууда өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуудагы жергиликтүү жамааттардын ролу өзгөчө белгилеп коюуга татыктуу.

Өз алдынча башкаруу органдарын реформалоодо мыйзамдардын карама каршылыктарын жоюу, мамлекеттик органдар менен өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактоо, аймактардагы мамлекеттик долбоорлорду каржылоону контролдоодо жергиликтүү администрациялардын ролун күчөтүү зарыл.

Учурда кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууда, социалдык тармакты бекемдөөдө, экономиканы өнүктүрүүдө коомдук институт катары жергиликтүү жамааттар зор салым кошот деп мамлекет ишенет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жакшыртып, жергиликтүү жамааттар алдында отчеттуулукту өркүндөтүү зарыл.

Аймактарда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга жана саясатка бардык жарандар демилгелүү катышууга тийиш. Күч аракетибизди бириктиргенде гана кыргызстандыктардын жашоо шартын жакшыртып, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жетише алабыз.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Кыргызстандын айылдарындагы, шаарларындагы мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу боюнча силерге зор жоопкерчилик жүктөлгөн. Силер мамлекет менен жарандардын ортосунда көпүрөнүн милдетин өтөп жатасыздар. Калктын жашоосун жакшыртуу силердин жер-жерлердеги маселелерди терең билгендигиңерге, эл арасында жүргүзгөн ишиңерге жараша болот.

Өлкөбүздүн келечеги жана жалпы кыргызстандыктардын байгерлиги үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мындан ары да чыңдай бересиңер деп ишенем.

Чың ден-соолук, бакубат жашоо жана ишиңерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 25-октябрь