Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Газпром” ААК Кыргызстанга импорттолчу электр энергиясынын өздүк наркын төмөндөтүү үчүн 330 млн. куб метр газ жеткирет

2014-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Гапром” ААКнын төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  Алексей Миллер  Мамлекет башчысын компания миң куб метрин 165  АКШ долларга баалап,  Жамбул ГРЭСине 330 миллион куб метр жаратылыш газын жеткирүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын маалымдады.  Бул  Казакстандан Кыргызстанга жеткирилет деп болжолдонгон  электр энергиясынын өздүк наркын  кыйла  төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Телефондук сүйлөшүүдөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Газпром” компаниясы кабыл алган чечимди эске алуу менен Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берди.

2014-жыл 25-октябрь