Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракеси  менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз дипломатиясы көп кылымдарды карытты. Кыйынчылыктарга жана сыноолорго карабастан, ата-бабаларыбыз бардык курч маселелерди сөз менен, макулдашуу аркылуу чечип келишкен. Кылымдар бою акылман элибиз эркиндикти бекем тутуп, коңшулар менен тынчтыкта жанаша жашап, мамлекеттүүлүгүн сактап келген.

Өлкөбүздүн жана кыргыз дипломатиясынын тарыхында даңктуу окуялар болгон, даңазалуу инсандар өткөн. Кыргызстандыктар улуттук кызыкчылыктарды коргоого, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө салым кошкон инсандарды эч качан унутпайт.

Дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү улуу муундун салттарын сактап, аны улантат, бардык мүмкүнчүлүктөрүн тышкы саясий маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн колдонот. Өлкөбүздү ырааттуу өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө шарттарды түзөт. Мекенибизге берилип жакшы кызмат өтөйт деп терең ишенем. Азыркы шарттарда өлкөбүздүн келечеги жана ийгиликтери  көбүнесе эгемендүү Кыргызстандын дипломаттарынын эмгегине жараша болот.

Урматтуу дипломаттар,

Сиздерге чың ден-соолук, ишиңерге ийгилик, жакшы идеяларды жана аларды ишке ашырууда жигердүүлүктү каалайм. Бакыт-таалайлуу болуп, үй-бүлөңүздөр менен бакубатчылыкта жашагыла.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев

 

2014-жыл 24-октябрь