Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Улуттук банктын төрагасы Мамлекет башчысына  финансылык жөнгө салуучу мекеменин  ишмердигинин негизги багыттары туурасында маалымат берди, банк жана төлөм системаларынын стабилдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөбүздүн банктары тарабынан берилип жаткан кредиттердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүүгө көмөктөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.

Тактап айтканда, Толкунбек Абдыгулов  ошондой эле Улуттук банк тарабынан республикабыздын  банк системасынын туруктуулугун колдоп туруу максатында инфляцияны төмөндөтүү, коммерциялык банктардын жана башка кредиттик мекемелердин ишмердигин жөнгө салуу жана контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев  макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуунун, өлкөнүн банк секторун өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.

2014-жыл 24-октябрь