Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 22-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эл аралык мелдештерде спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча ийгиликке жетишкен спортчуларын куттуктап, аларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысынын чечими менен байге ээлери болгон 39 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына Президенттик социалдык коргоо жана  колдоо фондунан жалпы суммасы 3 млн. 640 миң сом, мамлекеттик бюджеттин эсебинен XVII Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча 4 млн. 562 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле дүйнөнүн биринчилигин кошо камтыган эл аралык ири мелдештердеги Кыргызстандын өкүлдөрү болгон эл аралык категориядагы калыстар Бахадыр Кочкаров менен Майрамбек Ахмедовго акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мамлекет башчысы спортчуларга, машыктыруучуларга жана спорттук калыстарга ыраазычылык билдирип, алардын Кыргызстан спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиледи. “Силер улуттук спорттун сыймыгысыңар. Силерден биздин жаштарыбыз таалим алат. Сыймыктанат, силер сыяктуу болгулары келет. Өлкөбүздүн келечеги үчүн бул абдан маанилүү”, - деди Алмазбек Атамбаев спортчуларга кайрылып.

Президент Алмазбек Атамбаев спортчуларыбыздын жеңиштеринин аркасы менен эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желеги бийик көкөлөп жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев тилекке каршы ар кайсы саясый топтордун жана криминалитеттин өкүлдөрү түрдүү маселелерди чечкенде спортчуларды пайдаланган тенденция күчөп бара жаткандыгын белгиледи. “Көп учурларда түрдүү клубдарды, спорттук секцияларды ачууга атайын билими жана машыктыруучулук тажрыйбасы жок адамдар тартылууда. Ошондуктан машыгуу учурунда алар адеп-ахлактык тарбияга жана жүрүм-турумга көңүл бурбай, дене тарбиясына гана көңүл бурулуп калат. Болгондо дагы алар материалдык жактан баюу боюнча баалуулуктарды пропагандалап, натыйжада өздөрүн «күжүрмөн бирдик» катары санаган тарбиялануучулардын криминалдык активдүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. Жаштардын аң-сезиминде «идеологиялык талкалоо» жүрүп жатат”, - деп Алмазбек Атамбаев кыргыз спортунда криминалга жол берилбеш керектигин кошумчалады.

Мамлекет башчысы атамекендик спортту колдоо үчүн көрүлүп жаткан чараларга токтолду. “Кыргызстанда спорт калдык принциби боюнча каржыланган жана каржыланып келе жаткандыгын ачык моюнга алышыбыз керек. Бул жагдай улуттук спортту кризиске алып келди. Бирок азыр биз акырындап спортко көңүл бөлө баштадык, спортчулардын стипендияларын көбөйтүп жатабыз. Россиянын «Газпром» компаниясынын жетекчилиги менен келишим түзүлдү. Жакынкы 3-4 жылдын аралыгында ар бир райондук борбордо, ар бир шаарда эки форматтагы дене тарбия-ден-соолук комплекстери курулат. Облустардын борборлорунда алардын аянты 1 миң чарчы метр, ал эми райондук борборлордо жана калган шаарларда 700 чарчы метрден ашуун болот. Буга мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Дагы  бир ирет кайталайм, бул өлкөбүздүн келечеги. Ден-соолугу чың улут, баса белгилейм, ден-соолугу чың, руханий жактан таза улут гана өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшү үчүн жаратман эмгекке жөндөмдүү”, - деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Өлкөнүн калкынын ден-соолугун чыңдоодо дене тарбиясы менен спорттун маанилүү ролу туурасында кеп кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет спорттун массалуу оюндар түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл бураарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы жакында өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эске салды. “I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары абдан кызыктуу болгондугу, оюндар бүт өлкөбүзгө канчалык жакшы маанай тартуулаганы эсиңиздерде бар чыгаар”, - деди Мамлекет башчысы.

Спортчуларга кайрылып, Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиадага мүмкүн болушунча көбүрөөк лицензия жеңип алууга, олимпиадалык мелдештерде жогорку чеберчиликти, эркти көрсөтүү үчүн бардык күч аракетти жумшоого чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле мамлекет спортчулар менен бирдикте кыргыз спортуна мурдагы атак-даңкты алып келүү үчүн кыйла күч аракет жумшайт деген  ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы спортчуларга алдыга койгон максаттарга жетүүдө чыдамкайлыкты, чың ден-соолук жана бакыт-таалай каалады.

2014-жыл 22-октябрь