Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Мирослав Енчаны кабыл алды

2014-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык Борборунун башчысы Мирослав Енчаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУ менен кызматташуусунун түрдүү чөйрөлөрүндөгү маселелер, ошондой эле Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору менен мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкууланды.

Алмазбек Атамбаев менен Мирослав Енча регионалдык кызматташуу маселелерин, Афганистандагы азыркы абалды эске алуу менен Борбордук  Азиядагы азыркы жагдай жана анын өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Мамлекет башчысы менен БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Кыргызстандын алдыдагы евразиялык мейкиндигинде интеграциялык процесстерге катышуусуна байланыштуу маселелерге көңүл буруп, соттук жана шайлоо системасынын реформаларын ишке ашыруунун маанисин баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы Кыргызстанда анын жыйынтыктарын өлкөнүн жарандары сезгидей таза, ачык парламенттик шайлоолорду камсыз кылууда, ошондой эле соттук реформаны реалдуу турмушка ашырууда БУУ менен мындан ары дагы тыгыз кызматташууга ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбордук Азиядагы азыркы коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип, анын ичинде превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык Борборунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен каршы турууга бардык күч аракетин жумшай берээрин белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александр Аванесов жана Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык Борборунун адам укуктары боюнча кеңешчиси Жером Буйжу дагы катышышты.

2014-жыл 23-октябрь