Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 17-октябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында Кеңештин эксперттик жумушчу топтору тарабынан иштелип чыккан кодекстердин жана мыйзамдардын долбоорлорунун жаңы редакцияларынын бет ачарын тартуулады. Сунушталган документтер укуктун негизги принциптерин камсыз кылууга, эл аралык мыйзамдарга ылайык келтирүүгө, актуалдуу эмес жана иштебеген ченемдерди алып таштоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Аида Салянова, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңештин депутаттары Галина Скрипкина, Токтогул Туманов, Тынчтык Шайназаров, Эристина Кочкарова, Курмантай Абдиев жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков сунушталган документтер боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин  ортого салышты.

Дискуссиялардын жыйынтыгы менен Президент Алмазбек Атамбаев айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алып, сунушталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору менен макул болууну сунуш кылды. Ошол эле учурда мыйзам долбоорлору тарабынан сунушталган жаңылыктарга негизинен каршы болбой, Мамлекет башчысы алардын айрым бир жагдайларын белгилеп коюуну туура көрдү.

Мамлекет башчысы судьялар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары тарабынан кетирилген соттук жаңылыштыктарды оңдоонун механизмдерин иштеп чыгуу өтө зарыл экендигин белгиледи. Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бир кезде кабыл алган чечиминен улам, укук ченемдерин бирдей колдонууну камсыз кылуунун системасы бузулган. ”Мисалы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун экономикалык маселелер боюнча айрым чечимдери шектенүүнү жаратат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы сот реформасын толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сот системасына тиешелүү ченемдерине айрым түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Соттук реформа боюнча кеңештин сунуштарын колдоого алды. “Бул ишти кечеңдетүүгө болбойт, анткени биздин элибиз адилетсиздикке чыдабайт”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле мыйзам бузуулар жөнүндө кодексти, соттолгондук тууралуу реестрдин жана мунапыстын негиздерин, ошондой эле сынап көрүү системасын тездетип иштеп чыгуунун зарылчылыгын белгиледи. Анткени ошондо гана кылмыш-жаза жана администрациялык укуктардын бүтүн системасын калыптандырууга жол ачылат.

Алмазбек Атамбаев Соттук реформа боюнча кеңештин бардык мүчөлөрүнө, эксперттерге “талыкпаган эмгеги үчүн” ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте кароо, демилгелөө жана талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдыда боло турган ишинин маанисин белгиледи. “Сиздер сот реформасын ишке ашыруу боюнча биз сапар тарта турган чоң жолдун негизин түптөөгө тийишсиздер”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы биргелешкен аракеттер менен мыйзамдардын долбоорлору парламентте кабыл алынышына, ошондой эле алардын аткарылышы үчүн келерки жылдын бюджетине финансылык каражаттарды кароого жетишээрине үмүттөнөөрүн билдирди.

Жыйындын жыйынтыгында Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрү айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен, сунушталган кодекстердин жана мыйзамдардын долбоорлорун жалпысынан жактырышты.

2014-жыл 17-октябрь