Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Социалдык коргоо кызматкерлери майыптардын, кароосуз калгандардын ар бирине камкордук көрсө, профсоюздук уюмдар элибиздин турмушун жакшыртуу, эс алуусуна шарт түзүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Ардактуу эс алууга чыккан атуулдарыбызды пенсиялык төлөмдөр менен камсыз кылууда Социалдык фонд тарабынан алгылыктуу иштер аткарылууда.

Сиздер тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар мамлекеттик жардамга муктаж болгон адамдардын жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт.

Себеби сиздер карапайым адамдардын турмушундагы кыйынчылыктарды жүрөгүңүздөр менен кабыл алып, ар тараптан колдоо көрсөтүп, эң урунттуу учурларда алардын жанында болуу менен милдеттериңиздерди аткарып келе жатасыздар.

Ардагерлерибиздин татыктуу жашоосун камсыз кылуу үчүн пенсиялык саясатты Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленгендей өсүү динамикасына ылайыктоого тийишпиз.

Социалдык коргоонун натыйжалуу жана адилеттүү системасын түзүү үчүн бардык таламдаш тараптардын 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгуусун жана профсоюздук уюмдар жарандарыбыздын таламдарын коргоого коллективдик сүйлөшүүлөрдү мындан да натыйжалуу пайдалануусун максатка ылайыктуу деп эсептеймин.

Ушул майрам күнү бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалайм.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев”

 

2014-жыл 17-октябрь