Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Биз сот реформасынын чечүүчү – сот адилеттигин турмушка ашыруунун мыйзамдык негиздерин өзгөртүү этабына чыктык”

Бүгүн, 2014-жылдын 17-октябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Кириш сөзүндө Алмазбек Атамбаев Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жана эксперттик жумушчу топтордун аракети менен акыры сот адилеттигин турмушка ашыруунунмыйзамдык негиздерин өзгөртүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун даярдоо иши соңуна чыкты. “Эсиңиздерде бар чыгаар, биз ушул ишти сот реформасынын маанилүү үчүнчү этабы, түйүндүү звеносу катары аныктаганбыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары мамлекеттик бийликтин жана сот корпусунун дарегине сот реформасынын жүрүшү боюнча бир топ сындар айтылгандыгын белгиледи. Президент кыргызстандыктарга биринчи кезекте адилеттик керек экендигин дагы бир ирет баса белгиледи. Ошол эле учурда Мамлекет башчысынын пикири боюнча сот системасынын кемчиликтеринин, демек, элдин нааразычылыгынын негизги бөлүгү процесстик ченемдерге байланыштуу.

“Дал ушул кемчиликтер, ченемдердин ачык эле коррупциялуу экендиги уятсыз судьяларга каалаганын жасоого, ал эми түрдүү алдым-жуттумдарга бир караганда мыйзамдуу, бирок чындыгында адилетсиз чечимдерди чыгарууга жетишүүгө шарт түзүп жатат. Бүгүнкү мыйзам долбоорлору жарандарыбызды соттук өзүм билемдиктен коргоого багытталган. Ошондуктан судьялык кароонун чегин кошо камтыган процесстик ченемдерди өркүндөтүүгө умтулуп жатабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы маалымдагандай, мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети кылмыш-жаза укук чөйрөсүндөгү Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясын кучагына камтыйт. Экинчи пакетке жарандык укук жана кылмыш-жаза укуктар чөйрөсүнө тиешелүү Жарандык процесстик кодекстин жаңы редакциясы, “Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө” жаңы мыйзам, “Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы кирет.

“Сунушталган өзгөртүүлөр судьяларды мыйзамдын катаал алкагына салууга, коррупциялык тобокелди жоюп, мыйзамды каалагандай чечмелөөгө мүмкүнчүлүк бербестен, Фемида кызматчыларын обьективдүү жана адилеттүү сот жүргүзүүгө мажбур кылууга тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы жаңы процесстик ченемдер укук коргоо органдарын жана алардын  иликтөө жана алгач текшерүү бөлүмдөрүн, жазык аткаруу органдарын өз ишине жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону приоритеттүү позиция катары карагыдай иштөөгө мажбурлоого тийиш экендигин белгиледи. “Алар жаңыча иштеши керек, мамлекет биринчи кезекте мыйзамды жана сот адилеттигин турмушка ашырууну максат кылып койгондугун түшүнүүгө тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча иштелип чыккан мыйзам долбоорлору соттук реформанын түйүндүү звеносу болуп саналат.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле сот реформасын толук ишке ашыруу үчүн зарылдык болсо, өлкөнүн Конституциясына айрым бир түзөтүүлөр киргизилээрин баса белгиледи. “Кыргызстанда сот бийлиги азырынча толук кандуу иштей элек”, - деди Мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү судьялар корпусунун ишмердигин камсыз кылуу жана алардын иш шарттарын жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү деп белгиледи.

“Мен Кеңештин мурдагы жыйындарында мыйзам долбоорлорун талкуулоонун жүрүшүнө көз салууга аракеттендим. Бүгүн ошол талкууну улантып, буга чейин айтылгандардын бардыгын жалпылаштырууну сунуштайм. Анткени, дагы бир ирет кайталайм,биз сот реформасынын чечүүчү – сот адилеттигин турмушка ашыруунунмыйзамдык негиздерин өзгөртүү этабына чыктык”, - деди Алмазбек Атамбаев.

2014-жыл 17-октябрь