Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «РусГидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Евгений Додду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евгений Дод Алмазбек Атамбаевди Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун активдүү фазасы башталгандыгын жана энергетикалык обьектилердин  негизги курулуштарына өткөндүгүн маалымдады.

“Биз Сиз жана Владимир Владимирович тарабынан бекитилген графикти сактап жатабыз. Алгачкы агрегат 2016-жылы, калган блоктор 2019-жылы иштей баштайт. Бүгүн биз маанилүү иш-чараны өткөрдүк, вахталык шаарчаны кыдырып,каскаддын куруучуларынын жашоо, эмгектенүү шарттары менен таанышып чыктык. Өкмөт менен жер бөлүп берүү маселесин талкууладык.

«РусГидронун» жетекчиси азыркы учурда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна 2 млрд. рубль бөлүнгөндүгүн, россиялык тарапта каржылоо боюнча эч бир маселе жок экендигин баса белгиледи. “Зарыл болсо каржылоо 5 млрд. рублге  чейин көбөйтүлөт, демек, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жана эксплуатациялоо жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашуунун бардык шарттары аткарылууда”, - деди Евгений Дод.

Ошону менен бирге гидроэнергетикалык обьектилердин курулушун аяктоо үчүн жагымдуу шарттар жана жакшы маанай туурасында, региондогу энергетикалык ресурстардын рыногунда калыптанып келе жаткан жакшы коньюктура жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда жана электр кубаттуулугун арттыруудагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык системасын өнүктүрүүдөгү жаңы этабы болуп калмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев пландаштырылган бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруунун зарылдыгын белгиледи.

2014-жыл 16-октябрь