Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ТЮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө акын, композитор Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнөн 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга келген ТЮРКСОйдун Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ТЮРКСОЙдун ортосундагы  түрк маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара маданий алмашууларды тереңдетүү ишинде кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы ТЮРКСОЙго анын колдоосу менен түрк дүйнөсүндө жарыяланган Токтогул Сатылгановдун жылынын алкагында залкар кыргыз акыны жараткан чыгармаларды жана маданий мурасты жайылтууга багытталып жүргүзүлгөн иш-чаралар үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстанда өткөрүлгөн I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда маданий диалогду өнүктүрүү ишине кошулган чоң салым болоору белгиленди. 

2014-жыл 15-октябрь