Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан тарых илимдеринин милдети – өлкөнүн өнүгүшүнүн ар бир этабын изилдеп, илимий жактан негизделген баа берүү”

“Кыргызстан тарых илимдеринин милдети - өлкөнүн өнүгүшүнүн ар бир этабын изилдеп, илимий жактан негизделген баа берүү”, - деп билдирди Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых  илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссия мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда.

Жолугушуу учурунда өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев азыркы учурдагы тарых илимдери үчүн актуалдуу милдеттерди белгиледи. “Кыргызстан тарых илимдеринин милдети – өлкөнүн жана элдин  өнүгүшүнүн ар бир этабын изилдеп, илимий жактан негизделген баа берүү. Ушул аралыкта биз илим менен мамлекеттин кызматташуусу боюнча бир топ  тажрыйба топтодук.Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жана «Мурас» фондунун күчү менен жыл сайын Кыргыз каганаты боюнча илимий-практикалык конференциялар өткөрүлөт. Мурда кыргыз каганаты маселесине кош көңүл карагандар эми каганаттын жашагандыгы тарыхый факт экендигин түшүнүштү. Биз байыркы тарыхыбыз бар байыркы элбиз. Ушул иштен улам окумуштуулар чөйрөсүндө, эл арасында элибиздин калыптануу жолундагы маанилүү этабы туурасында жалпы түшүнүк калыптана баштады”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы тарыхтын айрым бир карама каршылыктуу барактары терең изилденүүгө тийиш экендигин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев илимпоз тарыхчылар элди өз тарыхы боюнча бирдиктүү илимий түшүнүк менен камсыз кылууга милдеттүү экендигин белгиледи. “Кыргыздар жана Кыргызстан 2000 жыл илгери кандай окуяларды баштан кечирген? Миң жыл илгеричи? XIX жана XX кылымдарда өлкөбүздө кандай окуялар болгон? Советтик доордочу? Аксы окуяларынын тарыхый мааниси эмнеде? Март, апрель революцияларынын маанисичи? Муну ар бир мектеп окуучусу билүүгө милдеттүү”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы тарых боюнча сапаттуу окуу китептерин басып чыгарууга өзгөчө маани берди. Азыркы окуу китептерибиз башка өлкөлөрдүн окуу китептерине караганда жасалгасы жана баяндалышы боюнча кыйла өксүп жатат.

Мамлекет башчысы өткөндүн катачылыктарын кайталабаш үчүн эл өз тарыхын билүүгө тийиш экендигин баса белгиледи. “Бул иште окумуштуу тарыхчылардын ролу абдан зор жана өтө маанилүү”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгилүү окумуштуу тарыхчылар, алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун директорунун милдетин аткаруучу Акылбек Жуманалиев, Ош мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын доценти Садык Смадияров, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү академиясынын тарыхый-коомдук жана эстетикалык предметтер лабораториясынын башчысы Мурат Иманкулов жана Чүй университетинин социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын фондунун башкармалыгынын мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымов доклад менен чыгып сүйлөштү. Окумуштуулар кыргыз мамлекттүүлүгүнүн калыптануусунун жана өнүгүшүнүн негизги этаптары тууралуу айтып беришти.

Талкуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрү Тынчтыкбек Чоротегин, Чолпон Турдалиева, Кадыралы Конкобаев, Ташмамбет Кененсариев, Айдарбек Кочкунов, Тынчболот Жуманалиев тарых илимдерин өнүктүрүү жана Кыргызстан элинин тарыхый мурастарын сактап калуу боюнча Мамлекет башчысынын аракеттерин колдоого алышты. Бул ишти жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

Окумуштуу тарыхчылардын сөздөрүн угуп, Президент Алмазбек Атамбаев бийликтин окумуштуулар менен жемиштүү жана конструктивдүү кызматташуусу өткөн тарыхыбыз тууралуу билимдердин бекем негизин түптөйт деген ишенимин билдирди. Өткөн тарыхыбызды билбей туруп, татыктуу келечекти кура албайбыз деген оюн айтты. Мамлекет башчысы мамлекеттик архивдердеги документтерди электрондук форматка жана санарипке өткөрүү боюнча тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын сунушун колдоого алды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн маанилүү болгон тарыхый илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекет каражат дагы, убактысын дагы аябаш керек экендигин баса белгиледи.

2014-жыл 14-октябрь