Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына күз-кыш мезгилинде өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча ведомствонун жүргүзүп жаткан иши, ошондой эле авариялык кырдаалдарды жана анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди. 

Мамлекет башчысы адамдардын коопсуздугун жана өмүрүн коргоодо министрликтин ишмердүүлүгүнүн, ошондой эле авариялык-куткаруучу кызматтардын күз-кыш мезгилиндеги ишке даярдыгынын маанисин баса белгиледи.

2014-жыл 13-октябрь