Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык коомчулугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышты.

“Евразия экономикалык коомчулугу эл аралык уюм катары азыркы этапта өзүнүн негизги милдеттерин аткаргандыгын сезип турабыз. Биз экономикалык өнүгүү жолунда жаңы чекке келдик. Ал экономикалык өсүүнүн перспективаларын кыйла жакшырта алат. Ошондой эле дүйнөлүк экономиканын туруксуз болушунун, бул же тигил кризистик көрүнүштөрдүн кирип кетүү коркунучунун шарттарында өлкөлөрүбүзгө туруктуулукту сактоо жөндөмдүүлүгүн тартуулайт”, - деди Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы тарыхый тажрыйбаны жана көп жылдар бою түзүлгөн экономикалык байланыштарды эстен чыгарууга болбостугун эскертти. “Евразия экономикалык коомчулугу түзүлгөн 15 жылдын аралыгында социалдык-гуманитардык кызматташуунун, миграциялык саясаттын жана айлана чөйрөнү коргоо маселелерин кошо камтыган көп жылдарга алдыга интеграциянын болочок багыттарын аныктадык. Евразия экономикалык коомчулугуна катышуучу мамлекеттердин территорияларын рекультивациялоо боюнча уран иштетүүчү өндүрүшкө тиешелүү Мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилди. Бул проблема бизге Советтер Союзу ыдыраганда мурас катары калган. Кыргызстан мындай экологиялык проблеманы өз алдынча чечиши абдан кыйын. Алгачкы атомдук бомбалар кыргыз уранынан жасалган”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошондой эле Евразия экономикалык коомчулуктун Антикризистик фондунун мындан аркы ишмердиги актуалдуулугун жоготкон жок деп белгиледи. “Евразия экономикалык коомчулуктун Антикризистик фонду, рекультивация боюнча программа Евразия экономикалык коомчулук өз ишмердигин токтоткондон кийин дагы иштей берүүгө тийиш деп эсептейм”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык коомчулук өз ишмердигин токтоткондон кийинки жыйынтыгы Евразия экономикалык союздун, анын органдарынын ишмердигине толук кандуу катышышы болот деп баса белгиледи. “Мына ошондо гана биз Евразия экономикалык коомчулуктун максаты жана милдеттери толук аткарылды деп эсептей алабыз. Натыйжалуу жана өз ара пайдалуу интеграция – өлкөлөрүбүзгө глобалдуу дүйнөлүк экономикада өзүнүн татыктуу ордун табууга жол ачат деп ишенем. Өлкөлөрүбүз биримдикте гана ийгиликке жана гүлдөп өнүгүүгө жетише алат”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Евразия экономикалык союздун алкагында биргелешкен жемиштүү иштерди улантууга ишенимин билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы менен төмөндөгү документтерге кол коюлду: Евразия экономикалык коомчулуктун ишмердигин токтотуу тууралуу Евразия экономикалык коомчулуктун Мамлекеттер аралык кеңешинин чечими жана «Евразия экономикалык коомчулуктун ишмердигин токтотуу тууралуу» келишимдин долбоору жөнүндө чечим; Евразия экономикалык коомчулуктун органдары ишмердиги токтоткондугуна байланыштуу иш чаралар тууралуу Евразия экономикалык коомчулуктун Мамлекеттер аралык кеңешинин чечими; Евразия экономикалык коомчулуктун 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет.

2014-жыл 10-октябрь