Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кириши жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу - тышкы экономикалык саясаттагы маанилүү приоритеттери экендигин белгиледи. “Биз интеграция жолунда бирге бара жатабыз. Бул биздин жалпы максатыбыз. Биз биргелешип Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу боюнча Жол картасын колдодук. Кыска мөөнөттүн аралыгында Евразия экономикалык комиссиясы менен бирдикте көп иштер аткарылды. Бажы союзу боюнча Жол картасын аткаруунун алкагында Кыргызстан өлкөнүн парламентине тиешелүү мыйзам долбоорлорунун пакетин киргизди. Дээрлик бардык фракцияларда колдоого ээ болду”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча бажы инфраструктурасынын деңгээлин жогорулатуу, сапаттын инфраструктурасын жакшыртуу жана маалыматтарды алмашуунун системасын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар Бажы союзу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. “Аталган иш чаралар Бажы союзуна кирүүнүн техникалык маанилүү бөлүгү. Биз аларды сиздердин жигердүү жардамыңыздар алдында белгиленген мөөнөттө бүткөрөбүз деп турабыз. Биз, албетте. Жаңы жылды союздун толук кандуу мүчөсү катары тоссок деген ниеттебиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Кыргызстан менен Бажы союзунун бажы төлөмдөрүнүн айырмачылыгы болгондуктан керектөөчүлөр үчүн маанилүү болгон бир катар товарлардын баасы кескин көтөрүлөөрүн түшүнүп турабыз. Буга карабастан Кыргызстан катышуучу өлкөлөрдүн чек аралары менен тышкы чек араларда бажы контролун жоюу үчүн тарифтик алып коюуну максималдуу кыскартууга атайылап барып жатат. Союздун фундаменталдык идеясы катары товарлардын эркин орун которуштуруусу иш жүзүндө камсыз болууга тийиш. Кыргызстан жылдын аягына чейин Евразия экономикалык союзуна кирүүгө даярданып жатат. Бул процессте капиталдын, адам ресурстарынын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өлкөлөр ортосунда эркин агымы боюнча колдоо күтүп жатабыз. Кыргызстан дайыма Евразия интеграциялык процесстин активдүү жактоочусу болгон жана боло берет. Кыргызстан интеграциялык процесстерге активдүү катышкандыгын тыштан жана ичибизден сындагандар талкууну эмоционалдык деңгээлге түшүрүп жатышат. Атаыйлаппы же башка себептенби, айтор, экономикалык жүйөлөр экинчи планга жылып, негизинен сөз эгемендүүлүктү жоготуп коюу тууралуу жүрүп жатат. Негизи бул чындыкка коошпойт. Эгерде өлкө маанилүү тармактарда экономикалык саясатты башкарууну Евразия экономикалык комиссияга - улуттан жогорку органга берсе, анысы үчүн бул тармактарда чечимдер кабыл алынганда тиешелүү сандагы добушка ээ болбой калса, анда сынчыларыбыз коомдо бир топ салмактуу колдоого ээ болот. Ошондуктан Евразия экономикалык союздун уюштуруучу өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын статусун эске алып, Евразия экономикалык союз тууралуу Келишимдин толук кандуу катышуу боюнча негизги принцибинен улам, Кыргызстан Евразия экономикалык союздун башкаруу органдарында Евразия экономикалык союз тууралуу Келишимге кол койгон өлкөлөр менен бирдей орундарды ээлейт деп терең ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өзүнүн коллегаларын жогоруда айтылгандарды эске алуу менен чечим кабыл алып, Евразия экономикалык комиссиясына тараптар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуу жөнүндө Келишимдин долбоорун түзүү боюнча тапшырма берүүнү өтүндү.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна толук укуктуу мүчө болууга ниетин эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар («жол картасы») жөнүндө Билдирүүгө кол коюлду.

2014-жыл 10-октябрь