Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтүп жаткан КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

КМШ катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында тар чөйрөдө сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Атамбаев Ураинадагы белгилүү окуяларга байланыштуу КМШ үчүн жылдын биринчи бөлүгү абдан татаал болгондугун белгиледи. “Бул багытта КМШга төрагалык кылуу милдетин Белорусия кайрадан мойнуна алганы, ага байланыштуу маселелер, албетте, абдан маанилүү болгондугун дагы бир ирет белгилеп кетем. Белорусиялык коллегаларыбыз бүгүнкү жолугушууну уюштуруу жана бул форматты колдоо боюнча көп иштерди жасашты”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Казакстандын болочоктогу КМШдагы төрагалык кылуусу “Шериктештикти өнүктүрүүгө жаңы түрткү берээрине” ишенимин билдирди. ”Өз кезегинде КМШ Аткаруу комитетининин сунушу боюнча биз 2015-жылы Шериктештикте теңтөрагалык кылууга макулдугубузду бердик. Ошондой эле  Кыргызстанда 2015-жылдын апрелинде КМШ ТИМК кезектеги жыйынын өткөрүүгө макулдугубузду бердик. Ал эми андан кийин, 2016-жылы КМШга толук кандуу төрагалык кылуу милдетин моюнга алууга макулбуз. Анткени биз азырынча кызматташуунун мындай аянчасын башка формат алмаштыра албасына ынандык. Андан кайсы бир себептер менен баш тарткандар биринчи кезекте өзүнө өзү зыян келтирет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы талкууга коюлган маселелер тууралуу кеп кылып келип, Мамлекет башчысы Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык мааракесине даярдык көрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.”Бул мен фронтовиктин баласы болгондугум үчүн гана эмес. Бул улуу Жеңиш болгон, ошондуктан мааракени татыктуу тосуп алуу - биздин милдетибиз. 2015-жыл бизде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жылы деп жарыяланды. Биз буга алдын-ала даярдык көрүүгө, бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө милдеттүүбүз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев сөзүнүн акырында Кыргызстан КМШ алкагында көп тармактуу кызматташууну бекемдөөнү жана Шериктеш өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.

2014-жыл 10-октябрь