Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 10-октябрында, Беларусь Республикасынын Минск шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп форматтуу кызматташуунун түрдүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн кеңири спектри боюнча өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулап, энергетика тармагында кызматташууга басым жасашты.

Мындан тышкары Мамлекет башчылары Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга жакында боло турган мамлекеттик сапарына тиешелүү маселелерди талкуулашты.

2014-жыл 10-октябрь