Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Владимир путиндин түздөн-түз катышуусу менен кыргыз-россиялык мамилелер стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлгөндүгү белгиленет. “Биргелешкен экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырууга Сиздин жеке салымыңызды, ошондой эле республикабыздын евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышууга умтулуусун колдогонуңузду Кыргызстан эли жогору баалайт”,-деп белгиленет куттуктоо телеграммасында

Куттуктоодо азыркы Россия, анын өнүгүүсү жана эл аралык кадыр-баркы Владимир Путиндин ысымы менен тыгыз байланышкандыгы дагы белгиленет.

Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге бардык жакшылыктарды – бакыт-таалай, ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 7-октябрь