Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын күнү менен куттуктайм!

Азыркы биздин турмушту жарандык авиациясыз элестетүү мүмкүн эмес. Эгемендүү Кыргызстандын жарандык авиациясы калыптануунун алгачкы жылдары көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Эң негизгиси - маанилүү тармак сакталып калды жана бүгүнкү күндө биз анын кайрадан жаралышына күбө болуп жатабыз.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында Жарандык авиация күнү менен катар эле, биз кыргыз жарандык авиациясынын түптөөчүсү, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, СССРдин эмгек сиңирген учкучу, Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер Ишембай Абдраимовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ал Кыргызстандын жарандык авиациясынын башында турган, анын калыптанышына жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон.

Жарандык авиация буга чейинки муун баштаган ишти улантууга - жүргүнчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылып, жүк ташуунун сапатын арттырууга милдеттүү. Аба ташууларынын дүйнөлүк системасында татыктуу орун ээлөө зарыл. Ошондуктан Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жарандык авиацияга кыйла көңүл бөлүнгөн. Кыргызстан келечекте региондогу ири транспорттук-логистикалык борборлордун бири болуп калууга тийиш.

Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү менен кыргыз жарандык авиациясынын мүмкүнчүлүгү өсөт. Бул тармак Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө дем берүүгө тийиш.

Жарандык авиациянын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай, ачык асман жана бейпилдик каалайм. Зоболоңор бийиктей берсин! Кыргызстаныбызда тынчтык, биримдик жана ынтымак болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                         Алмазбек Атамбаев”

 

2014-жыл 7-октябрь