Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында тажикстандыктар мамлекеттин баардык тармактарында ырааттуу өнүгүүнү жана мындан аркы гүлдөшүн Эмомали Рахмондун ысымы менен байланыштыраары белгиленген.

 “Тарыхый тамыры терең кыргыз-тажик мамилелери азыркы учурда бекемдөөгө жана ар тараптуу терендетүүгө чындап умтулуу менен айырмаланат. Азыркы позитивдүү динамика өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгына толугу менен жооп берип, регионалдык коопсуздукка жана туруктуулукка кызмат кылаарына ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонго чың ден-соолук жана Тажикстандын боордош элинин бакубатчылыгына жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 5-октябрь