Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекет башчыларын Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бир катар мамлекет башчыларын Курман айт майрамы менен куттуктады.

Тактап айтканда, куттуктоолор Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовго, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдельазиз Бутефликге, Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Гани Ахмадзайге, Бангладеш Элдик Республикасынын Президенти Абдул Хамидге, Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль-Халифге, Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф Ибн Зайд Ан-Нахайянге, Бруней-Даруссалам Мамлекетинин Султаны Хассанал Болкиахга, Египет Араб Республикасынын Президенти Абдельфаттах Сисиге, Индонезия Республикасынын Президенти доктор Сусило Бамбанг Юдойоного, Иорданиянын Королу II Абдаллага, Ирак Республикасынын Президенти Джаляль Талабаниге, Иран Ислам Республикасынын Президенти Хассан Роуханиге, Йемен Республикасынын Президенти Абд Раббо Мансур Аль-Хадиге, Малайзиянын Королу Абдул Халим Муадзам Шахка, Марокконун Королу VI Мохаммедге, Катар Мамлекетинин Эмири Тамим Бин Хамад Бин Халиф Аль Таниге, Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Ас-Сабахка, Омандын Султаны Кабус Абдель Азиз Аль Саудка, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге, Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббаска, Сауд Арабиянын Королу Абдалла Бин Абдэль Азиз Аль Саудко, Судан Республикасынын Президенти Омар Хасан Ахмед Аль-Баширге, Тунис Республикасынын Президенти Монсеф Марзукиге жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга жөнөтүлдү.

Куттуктоо телеграммаларында элдердин маанилүү руханий мурасы болгон Курман айт жакшылык, адилеттүүлүк, мээримдүүлүк жана ынтымак өңдүү түбөлүктүү баалуулуктарды эске салаары белгиленет.

Алмазбек Атамбаев Мамлекет башчыларына мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди жана бакубатчылык, ал эми достук өлкөлөрдүн элдерине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 4-октябрь