Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстандын Президенти Гурбунгулы Бердымухамедов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбунгулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Жараткан Алла-тааламдан Сизге жалпы мусулмандарга ак батасын берсин деп тилейм, элдерибизди тынчтык, ынтымак жана сабырдуулук жолуна жетелесин. Жараткан сиздердин бардык жакшы тилектериңиздерди, ишиңиздерди кабыл кылсын”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Гурбунгулы Бердымухамедов Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, узун өмүр, күч-кубат, достук Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2014-жыл 3-октябрь