Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын ПрезидентиРежеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Элимдин жана өзүмдүн атымдан Сизди чын дилимден Курман айт ыйык майрамы менен куттуктайм, ошондой эле учурдан пайдаланып Жараткандан Сизге ден-соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык тилейм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2014-жыл 3-октябрь