Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Курман айт майрамга карата Сизге өзүмдүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдойм. Учурдан пайдаланып, ушул майрам күнү Сизге чың ден-соолук, ал эми Кыргыз Республикасынын достук элине тынчтык, бейпилдик, өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2014-жыл 3-октябрь