Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин негиздөөчүсү Ефим Якирди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин негиздөөчүсү Ефим Якирди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев жана Ефим Якир Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин жана билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулашты. Тактап айтканда Ефим Якир Кыргызстанда орто билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ойлору менен бөлүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет дайыма билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүп, Е.Б. Якирдин № 61 борбордук физика-математикалык мектеп-лицейи сыяктуу мектептерди колдоорун баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Ефим Якирди келе жаткан кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкеринин күнү, ошондой эле 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, анын өлкөнүн билим берүүсүнө кошкон зор салымын белгиледи.

2014-жыл 3-октябрь