Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Курман айт майрамы менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эзелтен Курман айт жакшы ниет, ак тилектер менен коштолуп келген. Элибизди ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана сабырдуулукка үндөгөн. Келечекке терең ишеним арттырган.

Ушул күнү мусулмандар курмандык чалып, Кудайдан узун өмүр, ден-соолук тилешет. Соопчулук иштерди жасап, дилин тазартышат. Дасторкон жайып, көзү өткөн ата-бабаларын, жакындарын эскеришет.

Ыйык майрам күндөрдө ылайым Жаратканыбыз мекендештерибиздин, алыскы ажылык сапарда жүргөндөрдүн ак тилектерин кабыл кылсын! Кыргызстаныбыздын жолун ачсын! Жерибизге тынчтык жана бейпилдик берип, элибиздин ынтымагын жана биримдигин бекемдесин!

Баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай каалайм! Ар бир үй-бүлөдө ынтымак уяласын! Курман айтыңыздар маарек болсун!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                              Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 3-октябрь