Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Пак Кын Хену Корея Республикасынын түзүлгөндүгүнүн күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хену Корея Республикасынын түзүлгөндүгүнүн күнү менен куттуктады.

“Сиздин жеке колдооңуздун жана көңүл бурганыңыздын аркасында бүгүн мамлекеттерибиздин ортосундагы эки тараптуу мамилелер өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын мындан аркы ыкчам өнүгүүсүнө баардык зарыл шарттар түзүлдү. Өз тарабыман Кыргыз Республикасынын өз ара түшүнүшүү, урматтоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка умтулуу принциптерине негизденген кыргыз-кореялык мамилелерди бекемдөөгө чындап кызыккандыгымды ырастайм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграмасында.

Алмазбек Атамбаев Пак Кын Хего чын ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Корея Республикасынын достук элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

2014-жыл 3-октябрь