Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Федералдык Президентин жана Федералдык канцлерин Германиянын биримдик күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаукту жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркельди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Германия өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүп, бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бири болуп саналаары белгиленди. Мамлекет башчысы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкка жана өнөктөштүккө даяр экендигин ырастады.

Алмазбек Атамбаев Йоахим Гаукка жана Ангела Меркелге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Германиянын достук элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

2014-жыл 3-октябрь