Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкеринин күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Ардактуу мугалимдер!

Урматтуу педагогдор жана билим берүү кызматкерлери!

Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Мугалимдин, педагогдун кесиби терең билимди, турмуштук тажрыйбаны гана эмес, ар бир инсандын жүрөгүнө жол тапкан сезимталдыкты, мээримдүүлүктү жана сабырдуулукту да талап кылат. Ошондуктан билим берүү чөйрөсүндө чыдамкай, өз ишине берилген адамдар эмгектенет.

Учурда мамлекет алдында интеллектуалдык көрөңгүбүздү бекемдөө, мектепке чейинки, орто, кесиптик жана жогорку билим алууга жакшы шарттарды түзүү боюнча орчундуу милдеттер турат.

Акыркы жылдары мамлекет мугалимдер жана билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн татыктуу шарттарды түзүү, социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча бир топ аракеттерди көрүүдө. Өкмөт бул багыттагы иштерди күчөтүүгө тийиш. Биз мугалимдердин, билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалашыбыз керек. Анткени биздин келечегибиз бүгүн мектепте жана студенттик аудиторияда билим алган жаштарга байланыштуу! Билимдүү, кесипкөй инсандар гана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө жөндөмдүү.

Быйыл Кыргызстанда билим берүү кызматкеринин күнү Мугалимдин бүткүл дүйнөлүк күнүнө дал келди. Ушул майрам күнү бардык мугалимдерге, педагогдорго, билим берүү кызматкерлерине талыкпаган мээнети жана сабырдуулугу үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге чоң рахмат! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм.


Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                       Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 3-октябрь