Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатына барды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатына барды. Мурдагы № 71 орто мектеп азыр Мамлекет башчысынын демилгеси менен жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернат болуп кайра түзүлгөн.

Бишкектеги № 71-жалпы билим берүүчү кыргызча мектеп 1990-жылы пайдаланууга берилген. Буга чейин долбоор боюнча 1260 окуучу билим ала турган мектепте 460 бала окуган. Мектептин көпчүлүк бөлмөлөрү ижарага берилип келген.

Бүгүнкү күндө мектеп-интернаттын капиталдык ремонту толук бүткөрүлдү. Азырынча мектеп-интернаттын окуучулары жатакана катары ылайыкташтырылган мектептин үчүнчү кабатында жашайт. Балдар үчүн атайын жатакана мектептин жанында курулуп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, окутуучулар менен пикир алышты. Мамлекет башчысы окуучуларды жаңы, ыңгайлуу шарттарда окуп, билим ала баштагандыгы менен куттуктады.

Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатын уюштуруу боюнча бул долбоор түркиялык кайрымдуулук фонддун колдоосу менен ишке ашырылды.

2014-жыл 3-октябрь