Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын волонтерлоруна ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев борбор калаанын 7 жогорку окуу жайларынын студенттеринен турган волонтерлорго 2014-жылдын 9-14-сентябрында Ысык-Көлдө болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Кайрылууда Кыргызстан өзүн көчмөндөрдүн муундан муунга өтүп келген өзгөчө салттарын сактап калган өлкө катары көрсөтө алганы белгиленген.

“Бүгүн биз биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгилигин ишенимдүү белгилей алабыз. Бул биздин жалпы ийгилигибиз! Оюндардын көркөмдүүлүгү, кооздугу жана кайталангыстыгы бул ири иш-чараны даярдоого жана ишке ашырууга өз салымын кошкон ар бир кыргызстандыкка көз каранды болду”, - деп белгиленген кайрылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргызстандын келечеги ушундай акылдуу, таланттуу жана өз мекенинин жоопкерчиликтүү жарандарынын колунда экендигин канааттануу менен белгилейт. “Бардык волонтерлорго, чыныгы кыргызстандыктарга биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө өз салымын кошкондугу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирем”, - деп белгиленген кайрылууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн ыраазычылыкты Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 1-октябрда борбор калаанын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги жана студенттери менен болгон жолугушуусунда тапшырды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттеринен турган 300дөн ашуун волонтер көмөктөшкөн.

2014-жыл 2-октябрь