Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

2014-жылдын 17-сентябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

Куттуктоо телеграммасында Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын Кыргызстан менен диндин, маданияттын жана дөөлөттөрдүн жалпылыктарына негизделген көп тараптуу жана терең өз ара мамилелери стратегиялык кызматташтыктын деңгээлине жеткенин зор канааттануу менен белгиледи.

“Биздин биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу мамилелер жана кызматташтык мындан ары да өнүгүп, бекемдей берээрине ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Режеп Тайип Эрдоган Алмазбек Атамбаевге ден соолук, бакыт-таалай жана узун өмүр, ал эми Кыргызстандын боордош элине бакубатчылык, гүлдөп өнүгүү жана бардык жакшылыктарды каалады.

2014-жыл 18-сентябрь